test
Кардарлар/керектөөчүлөрдүн сунуштары, эскертүүлөрү жана даттануулары Компания тарабынан төмөнкү тартипте кабыл алынат:
-
МКК «Аманат Кредит» бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө жайгашкан арз-сунуш китептерине кайрылуу аркылуу;
-
Электрондук почта аркылуу: office@amanatcredit.kg;
-
Почта аркылуу: 7200, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Шопоков көчөсү 99/1 дареги боюнча;
-
Колл-борборго төмөнкү номерлер аркылуу чалып: 0-500-001-659, 0-777-001-659, 0-558-001-666.
Керектөөчү сөзсүз түрдө өзүнүн аты-жөнүн, байланыш маалыматтарын – почта дарегин, телефон номерин, электрондук почта дарегин көрсөтүп, кайрылуусунун маңызын так жазышы керек. Жазма кайрылууларда кайрылуучунун жеке колу жана датасы көрсөтүлөт.
Кардар ошондой эле МКК «Аманат Кредитке» Компаниянын жетекчиси же бөлүм менеджери тарабынан жеке кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Кардарларды кабыл алуу Компаниянын иш убактысында каалаган убакта жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жеке кабыл алууга келген керектөөчү өзүнүн инсандык документин көрсөтүүгө тийиш.
Кардарлардын кайрылуулары милдеттүү түрдө каралат. Кайрылууларды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
Компания кайрылууларды оозеки, жазма же электрондук түрдө, кыргыз же орус тилдеринде кабыл алат. Кардарлардын кайрылууларын кароо мөөнөтү – 30 календардык күнгө чейин. Эгер кайрылуу көбүрөөк убакыт талап кылса, кардар бул тууралуу кошумча кабарланат.
Анонимдүү түрдө келип түшкөн кайрылуулар кароого жана изилдөөгө алынат, бирок кайрылуучуга жооп жөнөтүү талап кылынбайт.
Сөгүнүүчү же кемсинтүүчү сөздөрдү, кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркутууларды камтыган жазма кайрылуулар кароосуз калтырылышы мүмкүн.